Кыргызстанда коронавирустан айыккандар бар, алар ооруканадан чыгарылат

30 марта 2020 12:34 1058 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирустан айыккандар бар. Алар жакын арада ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жалал-Абад менен Ош облусуна дарыгерлерди жөнөтүү салтанатында айтты.

Анын айтымында, коронавирустан айыккандар бар. Чолпонбаев Жалал-Абаддагы дарыгерлердин ишин жогору баалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 84 кишиден коронавирус табылган. Вирустан айыккандар тууралуу буга чейин маалымдалган эмес. Бул коронавирустан айыккандар боюнча алгачкы маалымат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-ajykkandar-bar-alar-oorukanadan-chygarylat



Добавить комментарий