Кыргызстанда коронавирус аныкталган жаңы учурлар жок

22 марта 2020 21:20 1178 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Акыркы маалыматтар боюнча өлкө боюнча коронавирус 14 кишиге гана жуккан. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, коронавирус 6 эркек киши менен 8 аялдан табылган. Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2628 адам.

Андан сырткары республикалык штаб 22-март саат 21:00гө карата абал боюнча маалымат берди. Алар төмөнкүдөй.

  • Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Алар 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
  • ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дизинфекциялоодо.
  • Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
  • "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт.
  • Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн жактарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана 2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.
  • Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат. 6000 беткап даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүндү.
  • Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча эсепке 5 млн 294 миӊ 358 сом түштү.
  • Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун 6500ден ашык тартип сакчы камсыз кылууда, ИИМдин жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
  • Санитардык-карантиндик посттордон бир да жаранды өткөрбөй жатышат жана Кыргызстан боюнча интернет өчүрүлөт деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кимде-ким жалган маалыматтарды атайылап таратса, КР Кылмыш жана жаза кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
  • Беткап жана антисептиктерге суроо-талап көп болуп жаткандыктан Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлерге 100 миң даана беткап чыгаруу буйрутмасы берилди.
  • Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
  • Ирандан чыккан кыргыз жүк ташуучуларынын 60 айдоочусу менен туруктуу негизде байланыш түзүлдү.

Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү үчүн бүгүнкү күндө бар каражаттар:

Бир жолу колдонулуучу беткаптар – 400 миң даанадан ашык;

Коргоочу костюмдар – 3900 даана;

N95 же FPP2 коргоо даражасындагы респираторлордун беткаптары – 50 миң даана;

Өлкө аймагында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн КР Өкмөтү тарабынан кошумча 30 млн сом бөлүнүп, анын ичинен:

1000 даана N95 респираторлор (мурун каптар);

2200 даана коргоочу кийимдер;

1000 жаан медициналык халаттар;

ар бири 100 даана болгон 1200 даана колкаптар;

20 миң даана медициналык маскалар сатып алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-anyktalgan-zhay-uchurlar-zhok



Добавить комментарий