Ирандан Кыргызстанга келе албай калган кыргызстандык 60 айдоочунун абалы кандай?

22 марта 2020 21:01 1556 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирустун алдын алуу жана анын жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб вирустан улам Иран чек арасында калып калган кыргызстандык 60 айдоочу тууралуу 22-мартка карата маалымат берди.

Ага ылайык, 21 айдоочу Россиянын аймагында жана орус-казак чек арасы тарапка («Караозек» көзөмөл-өткөрүү жайына) багыт алды.

10 унаа Россия менен Азербайжан чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүнү күтүп жатат. Андан сырткары 25 унаа Казакстандын аймагы боюнча Кыргызстанга багыт алууда.

1 айдоочу Россия менен Казакстандын чек арасынан өтүү тартибине ылайык карантинде, анткени айдоочу Казакстандын жараны. Тышкы иштер министрлиги Баку, Тегеран, Россия жана Казакстандагы Кыргызстандын элчиликтери бул маселени катуу көзөмөлгө алып, айдоочулар менен дайыма байланышта.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус чыкканы 18-мартта такталган. Андан бери вирус 14 кишиге жукканы маалымдалды.

Ссылка: https://barometr.kg/irandan-kyrgyzstanga-kele-albaj-kalgan-kyrgyzstandyk-60-ajdoochunun-abaly-kandaj



Добавить комментарий