Кыргызстанда коронавирус 224 медкызматкерге жугуп, анын 161и айыгып ооруканадан чыкты

7 мая 2020 10:21 1267 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымамт жыйында билдирди.

Анын айтымында, бир суткада катталган жаңы үч учур төмөнкү аймактарда катталган.

Бишкек ш. – 1, Чүй облусунда – 1 жана Жалал-Абад облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус 224 медкызматкерге жуккан, алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча коронавирус жуккандардын саны 895 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-224-medkyzmatkerge-zhugup-anyn-161i-ajygyp-oorukanadan-chykty



Добавить комментарий