Кыргызстандагы кесиптик окуу жайларда “СПУЗ - онлайн” системасы колдонулат
Кыргызстандагы кесиптик орто окуу жайларында “СПУЗ - онлайн” автоматташтырылган системасы колдонулат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
13-июлдан баштап кесиптик орто окуу жайларына “СПУЗ - онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу менен абитуриенттерди кабыл алуу үчүн документтерди каттоо башталат. Документтерди электрондук форматта каттоо үчүн spuz.edu.gov.kg сайтына кирүү керек.
«Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына расмий түрдө 2020-жылдын 1-июлунан тартып Кабыл алуу эрежелерине ылайык кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Ал үчүн kesip.kg сайтындагы “Окуу жайлары” деген бөлүмүндө тизме боюнча кесиптик лицейди тандоо зарыл», - деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, окуучуларды кабыл алуу, бекитилген алгоритмдер боюнча окуу жайлардын сайттары аркылуу максималдуу түрдө оn-line режиминде уюштуруу сунушталган.
Добавить комментарий ×