Өкмөт өзгөчө кырдаалда кандай иш чаралар аткарыла турганын түшүндүрдү - видео

21 марта 2020 15:12 1169 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө киргизиле турчу өзгөчө кырдаал кандай болорун, анын маалында кандай иштер аткарыла турганын түшүндүрүп берди.

Эске салсак, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук Кеңештин чакан жыйыны өтүп, анда өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча премьерге тапшырма берилген болчу.

“Кыргызстандын бардык аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилип жатат. Тактап айтчу нерсе бул өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал. Бул жерде атайын эпидемиялык иш чаралар жүргүзүлөт, элдин  жүрүм-турумуна бир катар чектөөлөр киргизилет. Бирок өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар башка маселелер, күнүмдүк турмушта иштер жүрө берет. Ал эми зарылдыгы жок башка жактарга чыгууга, же эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салынат”, — деди Боронов.





Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zgch-kyrdaalda-kandaj-ish-charalar-atkaryla-turganyn-tshndrd-video



Добавить комментарий