Кыргызстан боюнча бир айга өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды

21 марта 2020 13:27 764 Barometr
Поделиться в:
ok

Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагына 22-мартынан тарта 1 айга өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо сунушун киргизди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин чакан жыйыны өттү.

Анда биринчи вице-премьер-министр, Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Коопсуздук кеңешинде мурда кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасашты.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө сунуш киргизди.

Аталган маселени талкуулоонун натыйжасында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларынын 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө премьер-министрге сунуштама берүү жөнүндө сунуштары эске алынып, чечим кабыл алынды.

Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаалды жарыялоодо ыкчам иш-аракеттердин тиешелүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын коронавирус жуккан кишилер табылган райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилип, карантин жарыяланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан 12 учур катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-boyuncha-bir-ajga-zgch-kyrdaal-kirgizilishi-mmkn



Добавить комментарий