“Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуу укугун талап кылып тарапташтары Жогорку соттун алдына чогулушту
"Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу укугу боюнча иши 1-сентябрда Жогорку сотто каралат. Сот процесси саат 16:00гө белгиленген. Азыркы тапта мекеменин алдына партиянын тарапташтары жана каршылаштары топтолуп турат.
Эскерте кетсек, 24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон белгиленген убакыттан кеч өтүп калды деп чыр чыккан. 25-августта Боршайком "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган. "Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган.
Буга карата БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча Боршайком Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрыларын билдирген.
Добавить комментарий ×