"Кыргызстан" партиясы шайлоого катышуу укугуна ээ болду

3 сентября 2020 20:46 1758 5 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси каттады.

Буга чейин "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган.

27-августта Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. 1-сентябрда Жогорку Сот Бишкектин административдик сотунунун чечимин күчүндө калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasy-shajloogo-katyshuu-ukuguna-ee-boldu



Добавить комментарий

  • Элдин оз жерин, оз келечегин сактап калаар бир гана жолу - баарына каршы шайлоо. Партия менен жолдон жеди, кочолорго ысымдар берилип сатылды, кен байлыкка лицензиялар, жаныбарларды олтурууго лицензиялар, садиктер, мектептер, эс алуучу лагерлер, библиотекалар, заводдор (!!!), поликлиникалар (!!!!), аэропортор (!!!) ж.б. сатышты... баарын депутаттар сатышты. Миллиард $$$$$$ кредиттерди жерибизди гарантка коюп алышты, уурдашты!!!
  • Кыргызстан Алга 🇰🇬💪
  • Партия Кыргызстан сделала очень многое для нашего народа. Хотя бы вспомним про крупные и средние предприятия такие как фабрики по переработке хлопка, камня, кожи и металла. Эта та партия, которой волнует экономика нашей страны.
  • . Если выбирать кандидатуру по целеустремленности, то это определнно партия Кыргызстан!👍🏻
  • . Если выбирать кандидатуру по целеустремленности, то это определнно партия Кыргызстан!👍🏻