Кыргызстан менен Тажикстандын премьерлери чек ара маселеси тууралуу телефондон сүйлөштү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьери Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды биргеликте кабыл алууга байланыштуу маселени талкуулашты.
Абылгазиев жана Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү чек арага жакын жерден кыргызстандыктар бараткан эки автоунаа ташка алынган. Андан сырткары болжол менен саат 02.40тар чамасында Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Кийин тажик тараптан ок атуу токтотулганы кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tazhikstandyn-premerleri-chek-ara-maselesin-telefondon-sjlsht
Добавить комментарий ×