Кыргызстандын Афганистандагы элчиси ишин баштады

18 апрель 2019 16:09 5256 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Афганистандагы дипломатиялык миссиясы толук көлөмдө ишин баштады. Бул тууралуу журналисттерге Тышкы иштер министри  Чингиз Айдарбеков билдирди.   .

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигин Мирослав Ниязов жетектейт.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанга алгачкы ирет расмий иш сапар менен Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келди. Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Тараптар Кыргызстандын электр энергиясын Афганистанга экспорттоо маселесин иштеп чыгууну макулдашты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-afganistandagy-elchisi-ishin-bashtady



Добавить комментарий