Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды
Мамлекеттик чек ара кызматы берген маалыматка таянсак, кечээ, 21-майда, Карабак айылындагы көзү өткөн аксакалды жерге беришкен. Бүгүн, 22-майда, жакынын көмгөн жарандар куран окуу үчүн көрүстөнгө барышкан учурда Тажикстандын чек ара кызматкерлери келишкен. Алар менен жергиликтүү тургундар кайым айытышып, тажик чек арачыларын көрүстөндүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде, кыргызстандыктар тажик чек арачыларынын жолуна аң каза башташкан. Ошол мезгилде тажик чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан.
Учурда эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат, мындан тышкары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эл аймакка бийлик башчылары келүүсүн талап кылып турушат.
Учурда чек арада кырдаал тынч, чек арачылардын толук көзөмөлүндө.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Эски-Мазар аймагы кыргыз-тажик шарттуу чек арасынан Тажикстан тарапка 150 метр ичкериде турат. Көрүстөндү кыргызстандык тургундар пайдаланып келишкен.
0
0
0
0
0
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-kajradan-ok-atyldy
Добавить комментарий ×