Кыйраган учакка байланыштуу Жээнбеков Ирандын президентине көңүл айтты

15 января 2019 10:44 1139 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын Карадж шаарындагы «Фатх» аба майданында Boeing-707 учагынын кыйроого учурашынан улам жарандардын курман болгонуна байланыштуу Иран Ислам республикасынын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтына жарыяланды. 

«Карадж шаарындагы „Фатх“ аба майданында учактын кыйроого учурашынан жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, кечээ 14-январда Бишкектен чыккан Boeing 707 жүк ташуучу учагы экипаж кызматкерлери менен кошо Тегеран шаарынын четинде кырсыкка кабылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyjragan-uchakka-bajlanyshtuu-zheenbekov-irandyn-prezidentine-kl-ajtty



Добавить комментарий