Бишкектен учуп чыгып Тегерандан кырсыкка кабылган Boeing 707 учагы жүк ташуучу учак болгон

14 января 2019 13:52 1368 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкектен чыккан Boeing 707 учагы экипаж кызматкерлери менен кошо Тегеран шаарынын четинде кырсыкка кабылганы тууралуу Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы тастыктады. 

Маалыматка ылайык, учак ирандык авиакомпанияларга тиешелүү болгон.

"Кырсыкка кабылган учак бүгүн, 14-январь күнү эртең мененки 7:30да Тегеран шаарынын "Пайам" аэропортуна учуп кеткен. Ал ирандык компаниялардын бирине тиешелүү болгон жүк ташуучу учак болчу. Азыркы учурда учакта канча экипаж кызматкери болгону жана кайсы өлкөнүн жарандары экени такталып жатат. Толук маалымат берилет" - деди басма сөз катчысы Алия Курбанова.

Чет элдик басылмалардын айтымында, Boeing 707 жүк ташуучу учагында 10 жана 16 экипаж мүчөлөрү болгон деп айтылууда. Алардын арасында аман калгандары да бар. Учурда толук маалымат такталып жатат.  

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekten-uchup-chygyp-tegerandan-kyrsykka-kabylgan-boeing-707-uchagy-zhk-tashuuchu-uchak-bolgon



Добавить комментарий