Кумтөр кенинде түнкү нөөмөттө иштеген эки кызматкер жоголду
Поделиться в:
Бүгүн, 1-декабрда "Кумтөр" компаниясынын эки кызматкери жоголуп кетти. Бул маалыматты "barometr.kg" сайтына күч органдары билдирди.
Кендин эки кызматкери дайыны чыкпай калганы таңкы саат 05:30да маалым болгон.
"Алар түнкү нөөмөттө иштешкен. Бульдозердин айдоочусу менен бир мастер болчу", - деп билдирет тийиштүү кызматтын өкүлдөрү.
Учурда издөө иштери уланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүдө калып калышы мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/kumtr-keninde-tnk-nmtt-ishtegen-eki-kyzmatker-zhogoldu
Добавить комментарий ×