Кумтөрдө жоголгон эки кызматкерге тиешелүү унаа табылды, өзүлөрү дагы деле дайынсыз
Куткаруучулар «Кумтөр» алтын кенинин жоголгон эки кызматкеринин унаасын табышты. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Эки кызматкерге тиешелүү болгон унаа кечээ, 25-декабрда түнкү саат 23:00 чамасында табылган. Дайынсыз болуп жаткан кызматкерлер унаанын ичинде болгон эмес. Алар 26 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Учурда издөө уланууда.
Эске сала кетсек, 1-декабрда кенде уранды көчүп, тоо мастери Омурбек Ишенбеков жана машинист бульдозерчи Жолдошбек Жунушов жоголуп кетишкен.
Буга чейин "barometr.kg" сайтына күч органдары билдиргендей, кендин эки кызматкери дайыны чыкпай калганы 1-декабрда таңкы саат 05:30да маалым болгон. Алар түнкү нөөмөттө иштешкен. Бульдозердин айдоочусу менен бир мастер болгону айтылган.
Учурда издөө иштерине 95 куткаруучу тартылган. Издөө-куткаруу иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kumtrd-zhogolgon-eki-kyzmatkerge-tieshel-unaa-tabyldy-zlr-dagy-dele-dajynsyz
Добавить комментарий ×