Кулматовдун камактагы мөөнөтү узартылды
Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов 28-сентябрга чейин камакта калтырылды. Тиешелүү өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды.
Белгилей кетсек, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/kulmatovdun-kamaktagy-mnt-uzartyldy
Добавить комментарий ×