Видео. Сот Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду 15 жылга камап, Кубанычбек Кулматовду бошотту
Поделиться в:
Бишкектин Ленин райондук соту экс-мэри Кубанычбек Кулматовго акчалай айып салып, камактан бошотту. Мындай чечимди отурумга төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбеков бүгүн, 23-декабрда кабыл алды.
Ошол эле маалда судья дагы бир экс-мэр Албек Ибраимовду айыптуу деп таап, 15 жылга камакка алуу өкүмүн чыгарды.
Сот мындан сырткары Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Омурканов менен «Айкөл-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Сейткан Алиевди айып салып, бошотууну өкүм кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/video-sot-bishkektin-eks-meri-kubanychbek-kulmatovdu-kamaktan-boshottu
Добавить комментарий ×