Бишкек шаардык соту экс-мэрлерге өкүм чыгарды. Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды
Бишкек шаардык соту экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча апелляциялык арыздарды карап чыгып, Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискацияланды. Ал эми Кубанычбек Кулматовду үй камагынан бошотту.
Маалыматка караганда, отурумду соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев алып барды.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баштаган мамлекеттик жана жеке ишкерлер Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, Ленин райондук соту аларга өкүмдү 23-декабрда чыгарган. Ага ылайык Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, камактан бошотулган. Акчалай айып Шаршеналиевге да тагылып, ага 180 миң сомдук айыппул салынган.
Мурдагы мэр Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана "Дастан" ишканасындагы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.
Эскерте кетсек, райондук сот бул кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын ичинен Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон.
Райондук соттун өкүмүнө соттолуучулар да, айыптоочу да макул эместигин билдирип, шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Бишкек шаардык соту арыздарды кароого 7-февралда киришкен.
Добавить комментарий ×