Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланды
Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) ректору болуп шайланды. Ал бул кызматка 4 талапкердин арасынан тандалды.
Бул тууралуу окуу жайда бүгүн, 5-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында белгилүү болду.
Кожобеков, жалпы 1737 шайлоочунун 1532 добушуна ээ болду. Ал буга чейин ректордун милдетин аткаруучу болуп турган.
Кудайберди Кожобеков 2017-2019-жылдары Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалаган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент илимий наамга ээ.
Эске салсак, бүгүнкү шайлоо ОшМУда 14-жолу өтүп жатат. Буга чейинки ректор Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/kudajberdi-kozhobekov-osh-mamlekettik-universitetinin-rektoru-bolup-shajlandy
Добавить комментарий ×