Кримчөйрөдө "Положенец" деген макамы бар кылмышкер кармалды

13 декабря 2018 11:46 1586 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ишкерге таандык “Мерседес Гелендваген” үлгүсүндөгү автоунааны өрттөөгө тиешеси бар, кылмыштуу топтун мүчөсү, Россияда криминалдык дүйнөдө «Положенец» деген макам менен белгилүү болгон кылмышкер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2015-жылы июль айында Ысык-Көл районунда жайгашкан “Дельфин де Люкс” пансионатында шаар тургунуна таандык “Мерседес-Бенц G-500” үлгүсүндөгү 

автоунааны белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Бул иш боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин криминалдык милиция кызматынын  ыкчам-тергөө иш-чараларынын 

жүрүшүндө аталган кылмыш иши буйрутма берүү менен жасалганы жана ага криминалдык чөйрөнүн тиешеси бардыгы аныкталган. Буйрутманы аткарып, кылмыш  жасаган шектүүнүн өздүгү такталып, учурда башка кылмыш ишин жасагындагы үчүн жаза мөнөтүн аткарып жаткан Б. А. аттуу болуп чыккан.  Ал эми унааны өрттөөгө буйрутма берген кылмышкер 11-декабрь күнү  мурда соттолгон 1979-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалды. Ал уюшкан топтун активдүү мүчөсү катары тизмеде экендиги аныкталган. 

Азыркы учурда кылмышкер Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттук-териштирүү иштери жүрүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/krimchjrd-polozhenec-degen-makamy-bar-kylmyshker-karmaldy



Добавить комментарий