Ошто Кадыр Досоновдун жансакчысы капчык тоногону үчүн кармалды

26 июля 2021 12:22 1822 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында «Дженго» деген каймана аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Кадыр Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы болуп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 23-июлда Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну М.А.ны камакка алышты. Крим төбөлдүн жансакчысы ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана буга чейин соттолгон.

Милициянын версиясы боюнча 10-июлда ал кафенин жанында бир нече жигиттер менен Куршаб айылынын жашоочусун сабап, ичинде 1600 доллар жана 48 миң сом салынган капчыгын тартып алышкан.

Кармалган жаран бейбаштык беренеси боюнча айыпталып, камалды.


 

 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kadyr-dosonovdun-zhansakchysy-kapchyk-tonogonu-chn-karmaldy



Добавить комментарий