Россияда кыргыз кыздарын мыкаачылык менен кыйнаган жаран кармалды
Екатеринбург шаарынын 25 жаштагы тургуну Иван Ильин Азия элдеринин тарыхына, каада-салтына кызыгып, изилдеп жүргөн. Бирок, өткөн жылдын январь айында аны азиат улутундагы кыздарга мыкаачылык менен кол салган деген шек менен күч органдары кармашкан. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Иван Ильин 17 жаштагы кыргызстандык кызга өткөн жылдын сентябрь айында лифтке кирип бара жаткан жеринен кол салган. Ал кызды артынан келип бычак менен далыга жана ич жагына сайып кеткен. Кандуу окуя, көп кабаттуу үйгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Кансырап жаткан кыргызстандык кызды кошуналары көрүп калып, тез жардам чакырышкан. Бактыга жараша кыз аман калганы менен өмүр боюу жарым жан болуп калды.
Кыздын туугандары жергиликтүү телеканалга билдиргендей, ал оор операцияларды башынан өткөргөн. Дарыгерлер кыздын бир бөйрөгүн алып салууга аргасыз болушкан.
Иван Ильиндин кийинки кол салуусу январь айында болгон. Анын кийинки курмандыгы 19 жаштагы кыргызстандык Гуля Белек кызы экени кабарланды.
"Мен гүл сатуучу болуп иштеп жүргөм. Көбүнчө жумуш күнүм кечки саат ондордо аяктачу. Ошол күнү, мен бир аз эртерээк бошоп калгам. Күндөгүдөй эле, трамвай менен барып, "Уралмаш" метросунан түштүм. Балким, метродо эл көп болгондуктан артымдан аңдып, ыңгайлуу жерден кол салууну көздөп келсе керек", - деп ошол күндү сүрөттөп берди кыз.
Иван анын артынан аңдып жүрүп олтуруп, эл жок жерден кол салган.
"Баары бир заматта болуп кетти. Артымдан урулган катуу ооруну сезгенде сол колум менен башымды жаптым. Дагы эки сокку урулду. Ошол учурда машина мен тарапка кирип келе жатканын көрдүм. Дароо жардам сурап, кыйкырдым. Кол салган бала коркуп кетти окшойт, колундагы ташты ыргытып жиберип, көздөн кайым болду. Анан мен колумду келе жаткан унаага жаңсап жардам сурадым. Ошондо гана, ортоңку манжамдын кесилип калганын, ошондой эле, дагы бир манжамдын араң гана териге ийлешип салаңдап турганын байкадым. Бир жигит менен кыз мага чуркап келишти, мен эмне болгонун түшүндүрө да албай койдум", - деп кандуу окуяны сүрөттөдү кыргыз кызы.
Кыз-жигит Гуляга жардам берип, дароо тез жардамды, милицияны чакырып, кесилген манжасын таап, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Дарыгерлер Гуляга баш мээнин чайкалышы, кабыргасы сынган жана манжаларынан катуу жабыркаган деген диагноз коюшкан. Кыздын ортоңку манжасын тигүүгө мүмкүн болгон эмес. Ал эми, экинчи манжасын тигип сактап кала алышкан.
Кызды 18-январда ооруканадан чыгарышкан. Бирок бир жарым жумадан кийин ал кайрадан эпилепция менен ооруканага жаткырылган.
"Мен ооруканада беш күн жаттым. Дарыгерлер мага түшүндүргөндөй, травмадан кийинки психикалык оору экен. Мен берилген дары-дармектерди ичип жатам. Бирок, бул эпилепция кайра кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деп көзүнөн жашын кылгыртты кыз.
Кыздын апасынын айтымында үй-бүлө Екатеринбург шаарына Кыргызстандан мындан 16 жыл мурун келишкен.
"Биз жакшы жашоо издеп, Кыргызстандан Екатеринбургга 16 жыл мурун көчүп келгенбиз. Россиянын жарандыгын алганбыз. Бул жерде биз өзүбүздү чоочун деп эсептебейбиз", - деди кыздын апасы.
Ал эми, кыздарга мыкаачылык менен кол салган Иван Ильин учурда психиатриалык ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Ушул жылдын июнь айында дарылануусу аяктагандан кийин, сот иштери уланары кабарланды.
Иван Ильин жогорку билимдүү, япон тилинде эркин сүйлөгөн жигит. Ал бир нече чет тилдеги китептерди орус тилине которуп, соцтармактагы өзүнүн баракчасына жүктөп турган.
Ошондой эле, ал өзүнүн постторуна курал-жарактарды коллекциялоого кызыгарын жана азиат улутундагы кыздарды жакшы көрөрүн жазып турчу.
Россиянын Тергөө комитети Иван Ильинден жабыркаган азият улутундагы кыздар болсо жакынкы милиция бөлүмдөрүнө кайрылууну өтүнөт.
Добавить комментарий ×