Көп кабаттуу үйдөн секирген кыздын абалы оор бойдон калууда

25 февраля 2019 09:35 1344 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы Туңгуч районунун алтынчы кабатынан секирген кыздын абалы оор боюнча калууда. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалымат кызматчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз дагы бир жолу 25-февралда текшерүүдөн өткөндөн кийин анын абалы белгилүү болот. 

Эске салсак, 20-февралда саат 14:00дөр чамасында Туңгучтагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан өспүрүм кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына карабастан секирген. 

Кийинчерээк, кыз өзү секирген үйдө бала багуучу болуп иштегендиги, үйдүн ээси уурулукка айыптап, анын кесепетинен өз жанын кыюуну чечкендиги тууралуу маалыматтар тараган.


Ссылка: https://barometr.kg/kp-kabattuu-jdn-sekirgen-kyzdyn-abaly-oor-bojdon-kaluuda



Добавить комментарий