Видео. Бишкекте 6-кабаттан секирген кызды милиция кызматкерлери килемдин жардамы менен куткарып калышты

20 февраля 2019 20:28 1912 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

"Тунгуч" кичирайонунда суицид жасоого аракет кылган кыздын өмүрүн килем менен сактап калышты. Бул тууралуу КР ИИМинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-февралда саат 14:20 чамасында Октябрь райондук ИИБсына "Тунгуч" кичирайонунда аты-жөнү белгисиз кыз алтынчы кабаттан өзүн таштоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барганда кыз алтынчы кабаттан өзүн таштоого аракет кылып жаткан, ал эми ал турган үйдүн эшиктери жабык болгон.

Ылдыйдан айтылган алдоолор да жардам берген эмес. Милиция кызматкерлери терезелердин астына килем жаюуга аргасыз болушкан. ӨКМнин өкүлдөрү келип эшикти ачканда кыз ага карабай терезеден секирген. Ылдыйда турган милиция кызматкерлери кызды килемдин жардамы менен сактап калышты.

Учурда суицидтин себептери иликтенүүдө. Ал эми өз өмүрүнө кол салган кыздын өздүгү  такталып, май айында 18 жашка чыгаары айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-6-kabattan-sekirgen-kyzdy-miliciya-kyzmatkerleri-kilemdin-zhardamy-menen-kutkaryp-kalyshty



Добавить комментарий