6-кабаттан секирген кыз уурулукка шектелүүдө деген маалымат тарады. ИИМ тактала электигин билдирди
Поделиться в:
Бишкектеги Туңгуч кичи районунда 6-кабаттан боюн таштаган кыз уурулукка шектелип жатат деген маалымат тарады. Бул тууралуу Barometr.kg сайты ички иштер министрлиги менен байланышканда маалымат тактала электигин билдиришти.
Ал эми чыккан маалыматтарга ылайык, кыз өзү секирген үйдө бала багуучу болуп иштеген. Үйдүн ээси уурулукка айыптап, анын кесепетинен өз жанын кыюуну чечкен.
Эске салсак, кечээ, 20-февралда саат 14:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан 18 жаштагы кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып, секирген. Милиция кызматкерлери килем тосуп куткарып калышкан.
Добавить комментарий ×