Коронавирустун сырын таба албай. АКШ Ухандагы лабораториянын вирустары тууралуу маалыматты алды

7 августа 2021 10:23 1364 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын чалгындоо кызматынын адистери Ухандагы вирусология институтунун лабораториясында изилденген вирустардын генетикалык маалыматтарын колдоруна тийгизди. Бул тууралуу CNN булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган кабарга таянсак, АКШнын өкмөттүк чалгынчылары Ухандын лабораториясында изилденген 22 миң вирус тууралуу маалыматка ээ болушкан.

Бирок АКШнын чалгынчылары кандай жол менен аталган маалыматты алгандарын ачыкташкан жок. CNN телеканалы бул Ухандын лабораториясынын серверлерин хакердик чабуул менен талкалап киргенде алынган маалымат болушу ыктымал деп болжоп жатат.

Бул вирустардын көмөгү менен чалгын кызматы SARS-COV-2 коронавирусунун пайда болуусунун сырын чечмелегенге аракет кылышмакчы.

Буга чейин Кытай “Ухандын вирусологдорунда коронавирус пандемия башталганга чейин эле табылган” деген маалматты четке каккан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-syryn-taba-albaj-aksh-uhandagy-laboratoriyanyn-virustary-tuuraluu-maalymatty-aldy



Добавить комментарий