ДСУ: Дүйнө коронавирустун үчүнчү толкунуна киргени турат

15 июля 2021 09:29 927 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус шаршемби күнү COVID-19 тууралуу жагдайды баалоо боюнча ДСУнун чукул кырдаалдар комитетинин жыйынынын ачылышында сүйлөп жатып дүйнө элин коронавирустун үчүнчү толкуну каптай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, оорунун кайрадан күчөшү "дельта" штамга байланыштуу болот.

Ал Европа менен Түндүк Америкада калкты эмдөөнүн деңгээлинин жогорулашы өз жемиштерин бере баштады деп эсептейт. Бирок жагдай кайрадан башталып дүйнө үчүнчү толкундун босогосунда турат.

“Өткөн аптадан бери дүйнөдө COVID-19ду жуктуруп алган учурлар кайрадан жогорулады”,-деп айтты башчы.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dsu-djn-koronavirustun-chnch-tolkununa-kirgeni-turat



Добавить комментарий