Коронавирустун курмандагы болгондордун саны үч миңден ашты

2 марта 2020 09:11 655 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирустан каза болгондордун саны 3 044 кишиге жетти. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, учурда вирус 88 929 кишиге жукканы расмий аныкталган. Ошол эле маалда 45 миңге жакын киши оорудан айыкты деп, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус былтыр декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Андан бери дарт башка чет мамлекеттерде дагы катталды. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны боюнча Кытайдын кийинки орунда Иран турат. Бул мамлекетте оорудан өлгөндөрдүн саны 54кө жетти. Андан кийин Италия турат. Ал жакта вирус 34 кишинин өмүрүн алды. Төртүнчү орунда Түштүк Корея турат, коронавирустан каза болгондор 22тү түздү. Ошондой эле адам өлүмү Японияда (6), Францияда (2), Гонконгдо (2), АКШда (2), Таиландда (1), Тайванда (1), Австралияда (1), Филиппиндерде (1) катталган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында коронавируска чалдыккандар жок экенин айтып, оорунун жайылып кетишинин алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Андан сырткары элди киши көп чогулган жайларга барууда этият болууга чакырган. Ошондой эле, жума намаз сыяктуу киши көп келген жерлерге убактылуу барбай туруу сунушталган.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-kurmandagy-bolgondordun-sany-ch-miden-ashty



Добавить комментарий