Жума намаз менен тойдон убактылуу баш тартыңыз. Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчү

28 февраля 2020 12:55 835 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустан улам элден жума намазга барганды азайтып, той-топурду дагы өз өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу министр маалымат жыйында маалымдады.

Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен муфтиятка жума намазга келген кишилердин санын азайтууну өтүнүп кат жолдонгонун кошумчалады.

“Биз таптакыр тыюу салгыла деген жерибиз жок, болгону кишилердин санын азайтууну суранып жатабыз. Намазды үйдөн деле тынч окуп турса болот деп ойлойм”, — деди министр.

Эске салсак, коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча Кыргызстандын аймагында коронавирус жуккан учур катталган жок. Учурда коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара пунктарында өлкөгө кирип жаткан жарандардын ден соолугу дагы тыкыр текшерилип, атайын жабдуулар коюлган. Аталган штаб буга чейин да жарандарды эл көп чогулган жерлерге убактылуу барбай турууну өтүнгөн.

Эскерте кетсек, Япониянын жээгинде токтоп турган кемедеги кыргызстандык жаранга коронавирус жукканы расмий тастыкталды

Ссылка: https://barometr.kg/zhuma-namaz-menen-tojdon-ubaktyluu-bash-tartyyz-salamattyk-saktoo-ministrliginin-tnch



Добавить комментарий