Коронавирустан кийинки депрессия деген эмне?

4 сентября 2021 11:42 2790 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус менен ооруган көпчүлүк бейтаптар узак убакыттар бою ал-күчтөн тайып калышарын, маанайы бузулуп жана жумушка болгон жөндөмү төмөндөрүн айтышууда. Эмне үчүн мындай болот, ковидден кийинки синдром деген эмне? Бүгүн barometr.kg психологдордун айткандарына таянуу менен коронавирус мнен ооругандан кийинки психикалык белгилер тууралуу маалымат бермекчи.

Ковидден кийинки синдром-бул COVID-19 менен ооругандан кийин анын кесепеттеринин узакка созулган комплекси.

Ковидден кийинки синдром борбордук жана вегетативдүү нерв системасынын жумушун бузат. Анын кесепетинен төмөнкүдөй оорулар пайда болушу мүмкүн.

Астения – жакшы эле эс алып жатканыңызга карабай эч себепсиз эле чарчай берүү.  

Депрессия –  маанайдын чөгүшү, канааттанууну жоготуу, энергетикалык жактан потенциалды жоготуу. 

Тынчсыздануу- дайыма болбогон нерсеге тынчсыздана берүү, пессимизм, жамандыктан коркуу, стресс берүүчү факторлордон, мисалы коркунучтуу жаңылыктардан катуу таасирленүү, паникалык чабуулдар.

Эмоционалдык жактан туруксуздук- маанайдын өйдө-төмөн болуп турушу,таарынчаак болуу, чатакка бат кирип кетүү, жогорку эмоционалдык сезимталдык.

Конгитивдик функциялардын бузулушу-эс тутумдун,көңүл коюнун, кабыл алуунун, маалыматты иштеп чыгуунун, реакция берүүнүн жайлашы же унутчаак болуу, ойду бир жерге топтой албоо, маалыматты кабыл албоонун күчөшү.

Уйкусуздук-уктай албоочулук, уктап жатканда кайра-кайра ойгоно берүү, күнү бою чарчаган,уйкусураган абалда жүрүү, түштөрдүн бузулушу же тактап айтканда жаман түштөрдү көрүү.

Оору синдрому-баштын оорушу, муундардын булчуңдардын эч себепсиз эле ооруй бериши.

Вегетативдик бузулуулар-кан басымынын же болбосо дене табынан өйдө-төмөн болушу, баш айлануу, жүрөк айлануу, тамак сиңирүү жолдорунун бузулушу, терчилдик.

Ковидден кийинки мындай белгилер орточо алганда 10 пайыздан 30 пайызга чейинки адамдарда катталат. Ал 1 айдан 6-7 айга чейин созулушу, кээде андан дагы көпкө созулушу ыктымал.

Ошол эле маалда жогоруда аталган белгилер толкун түрүндө келет. Тактап айтканда бирде адам өзүн жакшы сезип тоону томкорчудай болуп калса, кайра бир аздан кийин аны чарчоо басып эч нерсеге көңүлдөнбөй калат.

Эн негизгиси мындай учурда акырындап калыбына келүү керектигин, организмди күчкө салбоо керектигин дарыгерлер жана психологдор белгилешет.Бул белгилер күчөп жатса паникага алдырбай дарыгерлерге кайрылган жөндүү.

Андан тышкары дем алуу көнүгүүлөрү, организмди жалпы чыңдоочу витаминдер, дене тарбия көнүгүүлөрү жардамга келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kijinki-depressiya-degen-emne



Добавить комментарий

  • Ошондо эмне кылыш керек? Нормальный состоянияга келиш учун
  • Барометр 2 года назад
    Саламатсызбы,дем алуу көнүгүүлөрү, организмди жалпы чыңдоочу витаминдер, пайдалуу азыктар, таза абага сейилдөө, дене тарбия көнүгүүлөрү жардамга келет.Акырындап баары калыбына келүүсү керек деп эсептешет дарыгерлер.Жакындарыңыз сизди тушүнүп колдоо берип турса андан дагы жакшы.