Жашоого абдан тоскоол болгон психологиялык ынанымдар

3 сентября 2021 17:24 3736 Barometr
Поделиться в:
ok

Психологиялык ынанымдар-бул адамдагы ички эрежелер, аны адам автоматтык түрдө аткара берет. Алардын көбүн коом жана ата-энебиз калыптандырган болот. Ошондой эле алар жашоо тажрыйбасынан берилет.

Көп учурда мындай ынанымдар бизге тоскоол болуп, жашообузду чектей берет. Бүгүн алардын кеңири тарагандарын barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен сиздерге сунуштайт.

1.Сүйүүгө татыктуу болуш керек

Коомчулук бала чактан эле жакшы мамилеге ээ болуш үчүн ага татыктуу болуш керек деген ойду калыптандырат. Адамдарга жардам берсең, пайда алып келсең, туура жүрсөң гана сен жакшысың, башкалар сени жакшы көрөт дешет. Ал эми пенде катары жөн гана сүйүүгө, жакшы көрүүгө татыктуу экенин көп адамдар кеч түшүнөт.

2. 30 жашка чыкканда үй-бүлө куруп, жакшы кызматтан иштеп калыш керек  

Мындай рамкалар адамдардын башында, оюнда гана болот, чыны менен ар бир адамдын тагдыры ар кандай өнүгөт. Бирөө кырк жашка чыкканда үй-бүлө күтүп, бирөө элүү жашында байлыкка жетет. Бул жөн гана коомдук ынаным экенин биле жүрүңүз.

3. Баары бир чоң нерсеге жете албайм  

Башкалар менен өзүңүздү салыштырып укмуш адам болмокмун, бирок андай боло албайм деген дагы туура эмес. Ар бир адам уникалдуу, ар бир адамдын өзүнүн коомго, дүйнөгө баа жеткси салым болорун биле жүрүңүз.   

4.Өзүңө гана таянуу керек  

Мындай ынаным айлана-чөйрөгө, дүйнөгө карата ишенимди жоготот. Ал бекем мамиле түзүүгө, көмөк алууга жана жардам алууга тоскоол болот. Баарын эле жонуңузга тарта берүүдөн баш тартыңыз. Сизге чын дилден жардам бергиси келген адамдар четтен табыларын ошондо гана түшүнөсүз.

5. Эл эмне дейт?  

Бирөөлөргө жакпай калат, эл эмне дейт деген ынаным дагы туура эмес.Сиз кимдир-бирөөнүн күткөн нерсесин акташ үчүн жашап жатпаганыңызды туура түшүңүз.

Сиз ар дайым жаңы ынанымдарды өзүңүздө калыптандыра аласыз, болгону аны билип жоюуга аракет жасооңуз керек болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoogo-abdan-toskool-bolgon-psihologiyalyk-ynanymdar



Добавить комментарий