Коронавирус жер шарындагы дээрлик 37 миң кишинин өмүрүн алды
Коронавирустан каза болгондордун саны 36 939 кишиге жетти. Ал эми оору 770 209 кишиге жукканы тастыкталды. Ошол эле маалда оорудан сакайгандар 159 миңге чамалады.
Бул илдеттен каза болгондордун саны боюнча Италия алдыга чыкты. 31-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча 11 591 киши каза болгон. Ал эми оор жуккандардын саны 101 739 кишиге жетти. Экинчи орунда Испания – 7 340 киши көз жумду. Оору тастыкталгандар 85 195.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуну берген маалыматы боюнча коронавирус күчөп жаткан мамлекеттер төмөнкүчө:
АКШ – 164 274 кишиге жуккан, 3040 киши каза болду;
Италия – 101 739 кишиге жугуп, 11 591 киши өлдү;
Испания – 85 195 кишиге жуккан, 7 340 киши каза болду;
Кытай – 81 518 кишиге жугуп, 3 305 киши өлдү.
Андан тышкары каза болгондор көп болуп жаткан мамлекеттерге Франция, Иран, Улуу Британия, Нидерланддар, Бельгия, Швейцария да кирет.
Эске салсак, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 94 кишиден коронавирус табылган. Алардын үчөө айыгып, үйүнө чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zher-sharyndagy-deerlik-37-mi-kishinin-mrn-aldy
Добавить комментарий ×