Өкмөт коронавируска карата жыйын өткөрдү

28 января 2020 13:41 872 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын башчылыгы алдында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын катышуучулары саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу маалыматын угушту. Анын айтымында, бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышып турушат.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-koronaviruska-karata-zhyjyn-tkrd



Добавить комментарий