“Коопсуз шаардын” алкагында 1,8 млрд сом айып пул өндүрүлдү
“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуудан алынган айып пулдан 1,8 млрд сомдой каражат түштү. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Санариптик өнүгүү министринин орун басары Асель Кененбаева билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
“Айып пулдан түшкөн баардык акчалар «Вега» компаниясына берилип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул долбоордон бир дагы сом мамлекеттен кеткен жок, баардыгы инвесторлордун эсебинен жасалды”,-деп түшүндүрдү ал.
Кененбаева мындай долбоорлор жумушчу орундарды түзө турганын кошумчалады.
“Мындай долбоорлор ишке ашып жатканда, алардан коркуунун кажети жок, тескерисинче алар менен кызматташуу кажет”,-деп белгиледи ал.
Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaardyn-alkagynda-18-mlrd-som-ajyp-pul-ndrld
Добавить комментарий ×