“Коопсуз шаардын” экинчи этабында 2 миңдей камера орнотулат
Поделиться в:
“Коопсуз шаардын” экинчи баскычы 2022-жылдын 10-мартында аяктайт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Санариптик өнүгүү министринин орун басары Асель Кененбаева билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, долбоордун экинчи баскычы 2021-жылдын август айында башталган.
“Бул долбоор баардык республиканы камтыйт, 360 жерге 2000ге чукул камера орнотулат, анын ичинде 40 жылдыра турган комплексттер бар. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери эреже бузуулар кайсы жерде көп каттала турганын аныктап жана ошол маалымат боюнча жылдырыла турган комплекстер коюлат”,-деп айтты орун басар.
Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaardyn-ekinchi-etabynda-2-midej-kamera-ornotulat
Добавить комментарий ×