Өкмөт тарабынан ишсиз калгандарга жумуш сунушталат

15 июня 2020 14:35 789 Barometr
Поделиться в:
ok

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус учурунда ишсиз жана акчасыз калган жарандарды убактылуу иш менен камсыздоону сунуштап жатат.

Токтом долбоору коомдук таркууга коюлду. Акы төлөнчү коомдук ишке кирүү үчүн жумуш менен камсыздоо кызматына катталуу зарыл. Долбоордун алкагында 20 миңдей киши 2 айдай убакыт иштеп, 5 миң сомдон айлык алышат. Бул үчүн бюджеттен 200 миллион сом талап кылынат.

Жумуштар тизмеси:

Мектеп, бала бакча, китепкана, оорукана, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;

Эл каттоо, социологиялык иликтөөлөр;

Архитектуралык эстеликтерди, музей комплекстерин, социалдык-маданий объектилерди реконструкциялоо;

Эс алуу, туризм, токой чарбаларды жашылдандыруу;

Суу, газ түтүктөрү, канализация сыяктуу коммуникациялык каналдарды жана жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;

Айыл чарбасындагы сугат иштери;

Айрым аймактардагы ишсиз калкка кызмат көрсөтүү (агент катары) жана башка иштер.

Ошондой эле программага ишсиз катары каттоодо тургандар дагы катыша алат. Жарым жылдан бери ишсиз жүргөн жана бойго жете элек үчтөн ашык баласы барларга артыкчылык берилет.




Ссылка: https://barometr.kg/kmt-tarabynan-ishsiz-kalgandarga-zhumush-sunushtalat



Добавить комментарий