Кыргызстанда социалдык стационардык мекемелерде 366 улгайган жарандар багылат

30 сентября 2020 14:35 766 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда азыркы учурда тогуз миңден ашуун жалгыз бой жашаган карыяларды жана майыптарды 935 социалдык кызматкер тейлейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Министрликтин системасында бүгүнкү күндө 17 социалдык стационардык мекеме иштейт, алардын ичинен: 6 ССМ улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар боюнча:

Бүгүнкү күндө социалдык стационардык мекемелерде 2 321 кызмат алуучулар багылат. Алардын ичинен 366 улгайган жарандар жана 328 - ДМЧАлар. 

  • Бишкектеги улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ – 171 адам; 
  • Төмөнкү-Серафимовкадагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ - 312 адам; 
  • Сүлүктүдөгү жалгыз бой улгайган жарандар үчүн ССМ - 17 адам;
  • Бакай-Атадагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн реабилитациялык мүнөздөгү ССМ - 69 адам; 
  • Сузактагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ - 101 адам;
  • Токтогулдагы улгайган жарандар жана ДМЧАлар үчүн ССМ «Кара-Каш» - 30 адам. 

 Учурда республика боюнча 935 социалдык кызматкерлер 9,7 миң жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө тейлейт, анын ичинен 4 316 адам улгайган жарандар. Ушул жылдын сентябрына карата республика боюнча пенсиялык камсыз болуу укугуна ээ эмес 1 531 улгайган жарандар 1 000 сом өлчөмүндө ай сайын социалдык жөлөкпул алышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-socialdyk-stacionardyk-mekemelerde-366-ulgajgan-zharandar-bagylat



Добавить комментарий