Кыргызстанда пенсия өз учурунда жана толук төлөнүп берилет

18 декабря 2020 14:29 3579 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт.

КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө керектөөлөр 4156, 0 млрд сом суммасын түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 %га каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.

2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-pensiyalar-z-uchurunda-zhana-toluk-tlnp-berilet



Добавить комментарий