Өкмөт: Казакстан менен чек ара жабылган жок, ун алып келүүдө тоскоолдук жок
Вице-премьер-минист Эркин Асрандиев “Казакстан менен болгон чек ара жабылып, ун келбей калыптыр” деген сөздөр чындыкка коошпой турганын айтып, элди тынчтанууга чакырды.
Ал өз сөзүндө чындыгында Бишкектеги айрым соода борборлорунда азык-түлүккө болгон талап көп болуп, эл мурдагыга караганда көбүрөөк сатып алган фактылар бар экенин айтты. Андан сырткары айрым сатуучулар атайылап ар кандай сөздөрдү чыгарып пайда көрүп калуу аракетин көрүп жатканын дагы кошумчалады.
“Мындай аракеттер мамлекетке жана коомго зыян алып келет. Жаралган көйгөйдөн пайда көрүп калайын деген адамдар бар. Чындыгында азык-түлүктүн, элдин керектөөчү негизги товарларынын запасы жетиштүү. Аларды өндүрүү жана чет жактан алып келүү тынымсыз жүрүп жатат. Тынчсызданууга жана бааларды көтөрүүгө бүгүнкү күнү негиз жок. Тилекке каршы абалдан пайдаланып пайда көрүп калалы деген кишилер бар экенин дагы бир жолу кайталайм”, — деди ал.
Ал эми ун жок калат экен деп тараган имиштер боюнча буларга токтолду.
“Ун боюнча айта турган болсок, пайда көрүп калалы деген тараптар коронавирустан улам Казакстан чек арасын жапты, ундун тартыштыгы болот деген имиштерди чыгарып жатат. Чындыгында Казакстан менен чек ара жабылган жок, коронавирустан улам чек арадан өтүп жаткан кишилердин өтүү тартиби гана бир аз өзгөрдү. Ал эми чек арадан товарларды алып өтүү мурдагыдай эле иштеп жатат”, — деди ал.
Буга чейин Бишкек мэриясы дагы элди сабырдуу болуп, паникага алдырбай тынч болууга чакырган. Аны менен катар элге жете турчу тамак-аштын запасы бар экенин да билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-kazakstan-menen-chek-ara-zhabylgan-zhok-un-alyp-keld-toskoolduk-zhok
Добавить комментарий ×