Мэрия: Спекулянттарга оюнчук болбойлу. Барыбызга жетиштүү тамак аш бар
Мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев жарандарга кайрылып, тамак-аштын тартыштыгы боюнча жалган маалыматтарды бөлүшүп, элди дүрбөлөңгө салбоого чакырды
“Элди дүрбөлөңгө салуунун кереги жок. Билип билбей эле жаза бербеш керек. Күмөн санаган посторду өз көзүң менен көрбөсөң репост кылбаңыздар.
Сиздин жөн эле деп бөлүшкөн репостуңуз сизге аброй же мактоо алып келбейт. Ал айланып келип алдыңызда жеп аткан наныңызга кымбатоо алып келет. Спекулянттарга оюунчук болбойлу. Баарыбызга жетиштүү тамак аш бар”, — деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Казакстанда коронавируска жуккандар бар экени тууралуу маалыматтар тарагандан кийин Кыргызстандын базарларында тамак-аштын баасы бүгүн эртең менен бир аз кымбаттаганы айтылган. Бирок кечкинде тамак-ашты дүңүнөн саткан жайларда ундун баасы орто эсеп менен 200 сомго, кесмелер 20 сомго кымбаттагына кабарланды. Бул боюнча журналисттер, блогерлер жеринен тартылган видеолорду чыгарышты.
Ал ортодо өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова азык-түлүк тартыштыгы болбой турганын айтып, элди сабырдуу болууга чакырган.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-spekulyanttarga-oyuunchuk-bolbojlu-barybyzga-zhetisht-tamak-ash-bar
Добавить комментарий ×