ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү түшөрүн эскертти
14-февралдан 17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 121-138 чакырымдарында, Ала-Бел ашуусундагы 198-265 чакырымдарында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусунда), Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тоңуп тайгак болот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы керектигин эскертет.
Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.
Ссылка: https://barometr.kg/km-tooluu-ajmaktarda-kar-kchk-tshrn-eskertti
Добавить комментарий ×