ӨКМ: Үч өрт өчүрүүчү унаа талкаланып, жараксыз болду

7 октября 2020 14:22 515 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кызмат ордунда калып, өз милдетин улантууда. Бул тууралуу КР ӨКМнин Басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ал  учурда коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу, калк арасында түшүндүрүү, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, өрт-куткаруу иштерин ыкчам алып баруу тууралуу тиешелүү башкармал ыктардын башчыларына  тапшырма берди.

“Республика боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөр өз жумуштарын күнү-түнү дебей күчөтүлгөн режимде иш алып барышсын. Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп кетти, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу эрежелерин эскертүү, дезинфекциялоо иштерин улантууну талап кылам. Биз саясатка аралашпайбыз, өзүбүздүн милдетибизди аткарабыз. Мамлекетибизде оор күндөр болду, ошого карабастан министрлик өз ишин улантууда. Ак үйдө өрт чыкканда, биздин өрт өчүрүүчүлөр өз ишин аткарып жатышты. Үч өрт өчүрүүчү унаа талкаланып, жараксыз болду. Кандай гана жагдай болбосун, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эл  үчүн  кызмат кылат, өрттү өчүрөт, табигый кырсыктардан коргойт, алдын алат – бул биздин милдет”, - деди министр Замирбек Аскаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери штаттык режимде иш алып барууда.

Ссылка: https://barometr.kg/km-ch-rt-chrch-unaa-talkalanyp-zharaksyz-boldu



Добавить комментарий