Ким Кардашьян уй-бүлөсү менен Калифорниядагы өрттөн улам башка жакка көчтү

10 ноябрь 2018 11:25 1113 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү модель Ким Кардашьян үй-бүлөсү менен Калифорниядагы токойдон чыккан өрткө байланыштуу башка жакка көчтү. Бул тууралуу модель жеке Instagram баракчасына чыгарган. 

"Аэропорттон жаңы эле түшүп, үйгө барууга 1 эле саат убакыт болду. Үйдөн эң керектүү буюмдарды жана документтерди алдык. Кырсыктан бардыгы аман болсо экен деп тилейм"-деп жазган.

Эске салсак, бейшемби күнү Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт айрым шаарларды көздөй жетүүдө. Анын ичинде Парадайс шаары да бар. Ал эми модель жашаган үй өрт коркунучуна жакын болгондуктан  эвакуацияланган. Шаардык бийликтин берген маалыматында шаардын 27миңдей жашоочулары башка жакка көчүрүлдү. 

Ссылка: https://barometr.kg/kim-kardashyan-uj-bls-menen-kaliforniyadagy-rttn-ulam-bashka-zhakka-kcht



Добавить комментарий