Ким Кардашьян менен Канье Уэсттин ажырашуусунун себеби ачыкталды

7 января 2021 16:51 525 Barometr
Поделиться в:
ok

Ишкер жана теле жылдыз Ким Кардашьян хип-хоп аткаруучусу Канье Уэст менен ажырашуу жөнүндө акыркы чечимди президенттик шайлоодон кийин кабыл алды. Бул тууралуу New York Post гезити жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Басылмага өздүк булактардын берген маегинде, ажырашууну Кардашьян демилгелеген. Ал “балдары жана өзү үчүн ушул никени токтотууга аргасыз болгон” деп айтылууда. Президенттик шайлоонун алдында рэпердин жубайы мамилелерин сактап калуу үчүн бир нече жолу аракет жасаган.

Маалым болгондой, Кардашьян күйөөсүнүн 2020-жылы АКШдагы президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу чечимин колдогон эмес.

6-январда Кардашьян менен Уэст ажырашуу алдында тургандыгы белгилүү болду. Теле алып баруучу белгилүү жылдыздардын ажырашуу процесси тууралуу иш алып барган Лаура Вассер аттуу адвокатты жалдаганы да ачыкталган. Ошол эле учурда, жубайлар Рождествону чогуу белгилешип, кымбат баалуу белектерди бири-бирине тартуулашкан.

2020-жылы июль айында Уэст АКШдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун жарыялаган. Рэпер  "Кудайдан коркуу жана сүйүү" сезимин кайтарып, мектептерди «Черная пантера» киносундай кылып Вакандага айлантууга убада берген. Ноябрь айындагы шайлоонун жыйынтыгында рэпер жеңилип калганын моюнуна алып, 2024-жылда боло турган президенттик шайлоодо дагы бир жолу аракет кылып көрүүнү убада кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kim-kardashyan-menen-kane-uesttin-azhyrashuusunun-sebebi-achyktaldy



Добавить комментарий