Сүрөттөр жана тизме. Атактуулар тандаган денени жаап, бирок ачып салган көйнөктөр

30 май 2019 17:57 10203 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Заман өнүккөн сайын адамдардын ортосундагы атаандаштык да күндөн-күнгө өсүп барууда. Буга бир мисал шоу бизнес чөйрөсундөгү атактуу айымдардын өзүн алып жүрүүсү, боёнгон каражаттары жана албетте кийимдери. Кийим кийүү зарыл деген түшүнүк акыркы учурларда кийими жок болсо да модадан артта калбаса болду деп өзгөрүп араткандай сезиле баштады. Дегенибиз дүйнөгө таанымал жылдыдар сулуу көйнөктөр менен элди таң калтыруу мүмкүн болой калгандыктан эми ичи көрүнгөн, тор көйнөктөрдү кийүүгө өтүштү. Бүгүн Barometr.kg редакциясы кийими бар бирок жоктой көрүнгөн атактуу айымдарды тизмектеди.

1. Ким Кардашьян

Бул тизменин алгачкы сабында Ким Кардашьяндын аты орун албай калса болбос. Чын чынына келгенде мындай ачык кийимдердин популярдуу болушунун себепилеринин катарыда Кимда кирет. Анткени ал ачык кийимдер менен гана эл алдына чыкпастан аларсыз да чыгып жүрөт.

2. Кендалл жана Кайли Дженнер, Кортни менен Хлои Кардашьяндар

Кимдин артынан эле “Эжени корүп сиңди өсөт” болуп анын сиңдилери Кендалл жана Кайли Дженнер, Кортни менен Хлои Кардашьяндар турат. Эже сиңдилер буга чейин үй-бүлөлүк фото сессияларында да ачык кийимдер менен тартылып келишет.

3. Таня Бурр

Таня элге ютуб каналындагы блогерлик кесиби менен таанылган, визажист, жазуучу. Танянын истаграм баракчасын 3 миллион адам окуйт, ал дайыма ачык жана кызыктуу сурөттөрү менен бөлүшүп турат.

4. Нина Добрев 

Нина Канадалык белгилүү актриса жана модель. Анын истаграм баракчасына дээрлик 18 миллион адам катталган.

5. Тигер Тайлор

Тайлор жазуучу жана сүрөтчү. Ал баракчасынан көпчулүк учурда тарткан сүрөттөру менен бөлүшүп турат.

6. Монтана Браун

Монтана модель жана реалити-шоу жылдызы. Аны ачык кийим кийүүнүн фанаты деп атоого да болот. Анткени аталган модель жеке баракчасына дээрлик 90 % ич кийим менен тушкөн сүрөттөрүн салат. Сүйүктүүсү да ага каршылык көрсөтпөйт.

7. Мейбл Макви

Мейбл шведциялык ырчы.

8. Рита Ора

Рита Британиялык ырчы жана актриса. Ал бир нече сыйлык тапшыруу аземдерине төмөндөгүдөй ачык кийинип келген. Ора кийген көйнөктө жадакалса үстүнкү бөлүгүнө эч нерсе кийбегенин көрүүгө болот.

9. Леди Гага

Бул тизмеге Леди Гаганы кошуп кетпесек болбос. Гага дайыма өзүнүн өзгөчө стили жана өзүн алып жүрүшү менен талкуу чордонунда болуп келет. Төмөндө анын дагы бир чуулуу образы:

10. Винни Хэрлоу

Винни Хэрлоу алдыңкы топ-модеьдердин катарына кирет. Ал өзүнүн денесиндеги жетишсидиктердин жардамында таанылган. Тактап айтсак ал денесиндеги тактарды өзүнүн “брэнди” кылып алууга жетишкен. Хэрлоу Канн фестивалынын кызыл килемине ачык узун көйнөктө келген.

11. Никки Минаж

Бул америкалык ырчы, репер, аткаруучунун төмөнкү көйнөгү эң жабык образдарынын бири деп айтууга болот. Анткени Минажды көпчүлүк анын ырлары менен эмес дал ушул ачык кийингени жана жүрүм-туруму менен таанылган.

Белгилей кетсек жогоруда түзүлгөн тизме ачык кийинген кыздардын 100дөн бир гана бөлүгү. 

Ссылка: https://barometr.kg/srttr-zhana-tizme-ataktuular-tandagan-deneni-zhabyp-birok-achyp-salgan-kjnktr



Добавить комментарий