"Звездные войны" тасмасынын актеру Джереми Буллок каза болду
"Звездные войны" кино тасмасында Боба Феттин ролу менен белгилүү болгон британиялык актер Джереми Буллок 76 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Lenta.ru сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Актердун жакындарынын айтымында, ал 17-декабрь күнү Лондондо “Паркинсон” оорусунун (борбордук нерв системасынын патологиясы) кесепетинен улам көз жумган.
"Ал ооруканада, үй-бүлөсүнүн курчоосунда, көз жумду", - деп айтылат маалыматта.
Буллоктун артында аялы, үч уулу жана 10 небереси калды.
Актёр Боба Феттин ролун 1980-жылы "Звездные войны: Эпизод 5 - Империя наносит ответный", 1983-жылы "Звездные войны: Эпизод 6 - Возвращение Джедая" ойногон. Ошондой эле "Шпион, который меня любил" жана "Осьминожка" (Джеймс Бонддун онунчу жана он үчүнчү тасмалары) тасмаларында роль жараткан. Ал ошондой эле, Британиялык телесериалдарда, анын ичинде "Доктор Кто" жана "Робин из Шервуда" шоуларына катышкан. Актер өзүнүн карьерасында 100дөн ашык кинодолбоордо ойногон.
Буллок 1945-жылы Англиянын Лестершир шаарында төрөлүп, 1958-жылы жарнамалык роликтерде ойной баштаган. 17 жашында, ал Клифф Ричард менен биргеликте 1963-жылы "Летние каникулы" мюзиклине чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/zvezdnyh-vojn-tasmasynyn-akteru-dzheremi-bullok-kaza-boldu
Добавить комментарий ×