"8 жыл күттүк”. "Моана 2" мультфильминин тизери чыкты

9 февраль 2024 14:37 1335 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Интернетте көпчүлүк күткөн "Моана" мультфильминин уландысынын тизери пайда болду. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Белгилей кетсек, 16 секунддук видео YouTube’деги расмий Disney каналында жарыяланган.

"Моана ата-бабаларынын чакырыгын уккандан кийин, Океаниянын алыскы чектерине, кооптуу жана такталбаган сууларга сапарга аттанат, ал жерде мурда болуп көрбөгөн укмуштуу окуяларга туш болот", - деп айтылат видеонун сүрөттөмөсүндө.

Мультфилмдин режиссору Дейв Деррик.

Видео 700 миңден ашык жолу көрүлгөн, бирок видеонун астында комментарийлер өчүрүлгөн. Ошого карабастан, видео социалдык тармактарда кызуу талкууланып, көпчүлүк тасма хитке айланат деп божомолдоп жатышат.

Эске сала кетсек, окуянын биринчи бөлүгү 2016-жылы жарыкка чыгып, "Мыкты ыр" жана "Мыкты анимациялык тасма" номинациялары боюнча эки "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. 
«Моана» 640 миллион доллардан ашык киреше алып, кассада да хит болгон. 

Жаңы бөлүктүн кинотеатрларда бет ачары 2024-жылдын 27-ноябрында күтүлүүдө. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/8-zhyl-kttk-moana-2-multfilminin-tizeri-chykty



Добавить комментарий