Таланттуу актер Алайбек Тойчубеков «Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисин» алды

29 февраль 2024 16:20 1737 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кино актеру Алайбек Тойчубеков «Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси» менен сыйланды. Бул тууралуу маданият министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кино актер Тойчубеков Алайбек Жанибековичке «Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисин» тапшырды.

Тойчубеков Алайбек Жанибекович 1971-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.

М.С. Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында (институту) билим алган. 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келип, Караколдогу драма театрда иштеп баштаган.

Андан соң ишин Россияда улантып, Россиянын бир катар кино жана телесериалдарында 70тен ашык ролду жогорку чеберчиликте аткарган.

Учурда ал Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Роскызматташуусунун алкагында Россия мамлекеттик академиялык Кичи театрынын алдындагы М.С. Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында (институту) “Актёрдук чеберчилик” багыты боюнча билим алып жаткан кыргыз студенттеринин жетекчиси (кыргыз тайпасынын куратору) болуп эмгектенип келүүдө.

Аталаган төш белги Алайбек Тойчубековго искусство тармагында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана талантуу жаштарга чыгармачыл багыт көрсөткөн эмгегин эске алуу менен тапшырылды.

Алайбек Тойчубековдун аты Кыргызстанда көпчүлүккө белгилүү болбогону менен ал Россиянын кино дүйнөсүн багындырып жүргөн таланттуу кыргыз актерлорунун бири.

Чыгармачыл карьерасында көптөгөн образдарды жаратып, белгилүү орус тасмаларында атактуу актерлор менен иштешип келет. Мисалы: Марат Башаров, Лев Дуров, Юрий Назаров, Анна Снаткина, Дмитрий Нагиев, Андрей Панин, Александр Домогаров, Ф.Добронравов. А .Гуськов, А.Мерзликин жана А.Петров ж.б. менен чогуу иштегени белгилүү.

Ермак (1996),Сатисфакция (2005), Сталин. Live (2006). “София”, “Морозова” Интерны (2012) сындуу бир катар белгилүү тасмаларда тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyaga-da-aty-taanylyp-kalgan-akter-alajbek-tojchubekov-madaniyattyn-mykty-kyzmatkeri-tsh-belgisin-aldy



Добавить комментарий