Өзүнө ишенбеген аялдар кандай болот? Туура эмес берилген 6 тарбия

21 ноябрь 2022 10:05 2521 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялдын же кыз баланын өзүнө карата ишениминин төмөн болушу анын жеке жашоосунда бир топ кыйынчылыктарды пайда кылат. Себеби өзүнө ишенимсиз кыздар көп учурда жеке мамиледе туура эмес эркектерди тандап алат же кайсы бир жагдайлардын курмандыгы болуп калат. Мисалы, аны жашоодо басынткан адамдар көп болот, же күйөөсү уруп-сабап кол көтөрөт. Ошондуктан кыз баланы ишенимдүү кылып тарбиялоо ар бир эненин милдети. Аялзатынын өзүнө карата ишенимдүүлүгү кайсы учурда төмөн болот? Буга псисхологдор кандай жоопторду беришет. Бүгүн barometr.kg сиздерге алар тууралуу сунуштайт.

1. Салыштыруу

Апаңыз дайыма сизди кичине чагыңызда кошунанын же туугандарынын кыздарына салыштыра берген болсо, дайыма ага атаандаштырп турса бул туура эмес берилген программа болуп саналат.

2. Бааны түшүрүү

Апаңыз сизге “мен сендей кезде оуу укмуш болчумун, сен болсо эмдигиче андай, кылбай мындай кылбай жүрөсүң” деп дайыма айта берген болсо дагы бул сиздин бааңызга кыйыр түрдө болсо да таасирин берет.

3. Бала чагыңызда келбетиңиз жакпаса 

Секелек кыздарга айрыкча өспүрүм куракта өздөрүнүн келбети жакпайт. Бул куракта  классташтарынан келбети тууралуу мисалы, “чаар бет, чоң баш, топчу мурун, бочка же тескерисинче арык” деген сыяктуу сыпатоолорун уккан кыздардын ишеними төмөндөйт. Эгерде бул сыпаттоолорду апасынан укса анда айрым кыздар үчүн  чыныгы катастрофа болмокчу. Ошондуктан ар бир кыз өз алдынча сулуу жана татынакай экенин, өсүпүрүм курактагы дененин өзгөрүлүүсү бүткөндөн кийин ар бир кыз ак куудай сулуу болуп чыгарын эне айта жүрүш керек.Ошондой эле секелек жана өспүрүм кыздарга эскирген өзүнө жакпаган кийимдерди күчтөп кийгизүүгө болбойт.

4.Башка туугандарыңызга өзгөчө мамиле жасашса

Башка бир тууганыңызга, эжеңизге же сиңдиңиге ал улуу же кичүү деп артыкчылык берип чоңойтушса дагы сиздин өзүңүзгө карата бааңыз төмөн болушу мүмкүн. Анткени бул учурда кичинекей кызда “эжем менден өйдө турат, мен андан төмөнмүн” деген сезим калыптанат.

5.Сиздин ордуңузга уул күтүп жатышкан болсо

Ата-энеңиз сиздин ордуңуга уулу төрөлөт деп күтүшсө же апаңыз каалоосу жок эле кош бойлуу болуп калып төрөлсөңүз дагы өзүңүздү сүйбөгөндөй сезимдер подсознаниеде жашай берет.

6. Мактабай, колдобой, кубаттабай коюшса

Апаңыз сиздин ар бир кичинекей жетишкендигиңизди мактап, дем берип турбаса анда кыз балада ишенбөөчүлүк пайда болот.

Психологиянын тили менен айтканда аялдын өзүнө ишенбөөчүлүгү төмөнкү сыпаттардан улам аныкталат. Алар - өзүн сүйбөөчүлүк, пессимизм, көмөксүздүк, чарасыздык жана эркектердин өзгөчө эле көзүн карай берүүчүлүк. Эркектерди сыйлоо менен ага көз каранды болуп жашоо эки башка түшүнүк экенин өзүнө ишенбеген айымдар көп ойлой беришпейт.

Жогорку белгилер сизде болсо капаланбаңыз, сиз чыныгы таланттуу, ажарлуу, ачык-жаркын айымсыз, болгону аны ачууга аракет кылыңыз, өзүңүздү  инсандын өнүгүүңүздүн үстүнөн иштеңиз, психологдорго барыңыз! Анткени жалтырган бермет дагы бир учурда деңиз жаныбарынын тишине тыгылып калган жөнөкөй эле кум болгон эмеспи! Жышылып сүрүлүп жатып ал бир кезде жаркыраган берметке айланган!

Ссылка: https://barometr.kg/zn-ishenbegen-ayaldar-kandaj-bolot-tuura-emes-berilgen-6-tarbiya



Добавить комментарий